Коом

Азык-түлүк араба менен жолумду тосту деп аялды бетке муштаган

Азык –түлүк салынган араба менен жолун тосуп алганы үчүн аялды бетке урган. Бул тууралуу РЕН ТВ каналы билдирди.

Маалыматта, азык-тулук саткан соода түйүнүнүн биринен соода кылып жүргөн аял азык-түлук салган арабасы менен эркек кишинин жолун тороп алган. Аял киши керектүү азыгын текчеден алганча жол бошот деп экинчи кардар уруш чыгарган. Көпчүлк болгондуктан эркек киши уруштун аягына жетпей кетип калган. Аял дүкөндөн сыртка чыккан учурда баягы эркек жолун тороп, ичкериде жолун тосуп алганы үчун кечирим сурабай койгонун айтат. Ошол эле учурда аялды бетке муштап качып кеткен. Катуу тийген соккудан аял учуп түшуп жакын жерде жургөндөр жардамга келген. Аялдын муштум тийген бети шишип, тез жардам чакырууга муктаж болушкан.

Кийин окуяны милицияга айтып берип жатып, ага тийген сокку ушунчалык катуу болгонун эгерде башында топусу менен капюшону болбогондо мүрт кетип калышы мүмкүн экенин айткан. Ал эми аялды урган эркек изин жашырып кетип милиция кызматкерлери издешүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *