Азиза Абдирасулованы сүйрөгөн Тилек Тюкебаев Бишкек ШИИБни жетектейби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Башка коллегаларындай жасалма мүнөз күтпөгөн, тапшырма алса ашыра аткарган, коомдук коопсуздук абалды жакшыртууга баш-оту менен киришкен Тилек Тюкебаевди билсеңер керек. Учурда Бишкек ШИИБ орун басары.

Эске салсак, Акүй астынан эмоцияга алдырып ийип, апасындай Азиза Абдирасулованы сүйрөй коюп, коомчулукка таанылган. Бул кылыгына кийин өкүнүп, уялып калганын айтышты. Кемчиликти сезе билүү да мырзалык эмеспи. Тилек Тюкебаевдин жердиги көлдүк. Милицияда бир топ убакыттан бери жетекчилик кызматтарды аракалап келатат. Аны жакындан билгендер алакөөдөн жүрүшүн, бакылдаган шар мүнөзүн баалашат экен. Куйтулуктан, интригадан алыс. Түз, туруктуулугу менен карьера жасоо жолуна түшкөндөй.

Дал ушул кадр Бишкек ШИИБ начальнигине дайындалса, муз жаргандай эле өзгөрүүлөр болору болжонууда. Каарманыбызды коллегалары, өздүк курамы колдошору, алардын баасы жогору экени айтылууда.

Жогорку жетекчилик сүрөп койсо, көлдүк жигит Бишкекти калчап калабы? Кедеринен кетпей, татыктуу кызмат көрсөтсө, бычакка сап болобу? Эмесе, бул кадр боюнча дагы тереңдеп талдап көрүү мезгилдин талабына шайкеш келет окшойт.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg