Азиз Суракматов менен Гүлмира Жумабекованын кандай байланышы бар?

Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси болуп Жумабекова Гүлмира Кубанычбековна дайындалды. Буга чейин ал Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп келген.
Бул тууралуу, Бишкек мэриясынын расмий сайтында кабарланды.
Маалым болгондой, Гүлмира Жумабекова капиталдык курулуш башкармалыгына жетекчи болуп келген алгачкы айым. Бирок, анын дайындалышы социалдык тармактарда сынга кабылып баштады.
Маалым болгондой, Гүлмира Жумабекова Биринчи Май районунун акиминин орун басарлык кызматына бара электе “Ливерпуль” ЖЧКсын жетектеп келген. Аталган ЖЧК, мэр Азиз Суракматовдун жакындарына таандык “Елизавета” курулуш компаниясы менен иш алып барганы айтылып жүрөт. Тактап айтканда, Ак үйдүн жанындагы Панфилов паркындагы, мыйзамсыз экени айтылып, талкууга түшкөн курулушта дал ушул “Ливерпуль” ЖЧКсы жана “Елизавета” курулуш компаниясынын жетекчилеринин аттары аталган-деп БарсМедиа жазып чыкты.

Аргумент.kg