Азиз Мурадиллаевге донор болом дегендердин саны 10 миңден ашты. Бирок алардын бири да жардам бере албайт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу теле алып баруучу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Фейсбук баракчасына жазды. Буга чейин маалымат жыйынында ал апасы менен таежесинин канынын тобу туура келбегендиктен, актерго донор издеп жатканын билдирген.

«Азиз Мурадиллаевдин үй-бүлөсү боорукердик жана тилектештик үчүн баарына ыраазычылык билдирет.Эки күн бою алар гана эмес, таланттуу актерду сактап калуу үчүн донор болууну каалаган он миңден ашуун кыргызстандыктар мага жеке кат жазышты.

Бирок операция Түркияда жасала тургандыктан, ал жактын мыйзамы боюнча бейтаптын тууганы гана донор болушу керек. Буга байланыштуу эртең эртең менен актердун төрт тууганы текшерүүдөн өтөт», — деди Молодокматова.

Анын айтымында, буга чейин суюктукту чыгаруу жол-жобосу жүргүзүлгөн. «Азиз акырындык менен ботко жеп жатат, баарыңарга рахмат. Анын абалы туруктуу оор. Кыргыз Республикасынын дарыгерлерине көрсөткөн аракети жана бардык керектүү чаралары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Окуялардан кабардар кылып турам», — деп кошумчалады телеалпаруучу.

Аргумент.kg