Азиз Дегенбаев шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту

Азиз Дегенбаев шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту

12-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыргызстандык окуучу Азиз Дегенбаев шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш 3-7-август күндөрү Казакстандын Актау шаарында өттү. Мелдешке 53 өлкөдөн келген 300дөн ашуун 12 жаштан 18 жашка чейинки мектеп командалары арасындагы шахматчылар катышты.

Азиз Дегенбаев Бишкек шаарындагы Кеңешбек Асаналиев атындагы №6 мектеп-гимназиясынын окуучусу.

Булак: Аргумент кж