Жайкы Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн тосуп алуу аземи өтөт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 24-августта «Кордай» бажы постунан Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргоп, желегин желбиреткен спортчуларды тосуп алуу аземи өтөт.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага жалпы 45 өлкө катышууда. Кыргыз өлкөсүнөн барган 150 спортчу, спорттун 28 түрү боюнча мелдешке түшүштү.

Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 4 күмүш жана 5 коло медаль бар.

Күмүш медалдарды өлкө эсебине балбандар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков жана Акжол Махмудов алып келишкен. Ал эми коло медалдарды балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков жана оор атлетчи Иззат Артыков жеңип алышкан.

Булак: Super.kg

 

Аргумент.kg