
Ажырашып боюман алдырышым керек же баягы тозокко кайтышым керек
02-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБүгүн кайын журту менен бирге жашаган келиндин арыз-муңу жазылган катты сунуштамакчыбыз.
Мен 22 жаштамын. Бир жыл мурда турмушка чыгып, жолдошум үйдүн кичүү баласы болгондуктан кайната-кайненем менен чогуу турабыз. Үй-бүлөдө бардык маселелерди ата-энебиз чечет. Керек болсо эмне тамак жасап, үйгө эмне сатып алууну, кайда барып, кимди чакырыш керектигин айтып турушат. Менин бул үйдө эч кандай укугум жок. Күйөөмдү аябай жакшы көрөм, бирок кайненемдин жанында эч нерсеге сөзү өтпөй, унчукпай калат.
Бир жылдан бери боюма бүтпөй жатканын айта берип кулагымдын кужурун алды. Согончогум канабаса үйдөн кууп иет имиш. Бул дагы эч нерсе эмес… Кечинде жолдошум экөөбүз бөлмөбүздө жатсак, бир нерсе издеп жаткандай түр көрсөтүп эшикти тыкылдатпай эле кирип келет… Кайнатам да эптеп эле бир жан да, аялынын көзү жокто гана баатыр. Буларды күйөөмө айтсам, «аша чаппачы…» деп кутулат.
Бир жолу дагы урушуп жатканда чыдабай кетип каяша айттым. Жаныма учуп жетип чачыман алып сүйрөй баштады. Жолдошум араң арачалап калды… Ушундан кийин ата-энемдикине кетип, күйөөмө же өз бүлөңдү, же ата-энеңди танда деп талап койдум. Албетте, менин деле толуп жаткан кемчилигим бар, бирок киши катары көрбөгөн мамиле жаныма батып кетти. Бир жума мурда боюмда бар экенин билдим, азырынча жолдошума айта элекмин. Ал менин кайтуум керектигин, ата-энеси ооруп жатканын айтып жалооруйт. Мен болсо аларды көрөйүн деген көзүм жок… Эмне кыларымды билбейм — же ажырашып боюман алдырышым керек, же баягы тозокко кайтышым керек…
Булак:Аргумент кж