Ажырашкам күйөөм кызымды абысыныма бер деп коркутуп жатат

Үч жыл чогуу жашап бирок пикирибиз келишпей күйөөм менен урушуп кайра-кайра төркүнүмө бара берип тажаганда төркүнүмө кеткен бойдон келбей койдум. ошентип ажырашып кеттик. Колумда бир жарым жаштагы кызым бар. Улуу агамдын кызы Москвада тырмак жасап иштейт. Мага “курс окуй калып келиңиз, жаныман иш таап берем чогуу иштейбиз” деп жатат. Азыр курста окуп жатам. Москвага кете турганымды күйөөмө айткам. Билгениңди кыл мен башкага үйлөнөм деп кеткен болучу. Эми кызды улуу абысыныма бер ырым кылып багышсын балалуу болгончо деп жатат. “Кызым ит же мышык беле алар балалуу болгончо багышып, андан кийин кайра бергидей”-деп уруша кеттим. Эми кызды жеңеме бербесең сотко берип энелик укуктан ажыратып туруп жеңеме каттатып берем деп коркутуп жатат.  Учурда кызым экөөбүз тең атамдын жанындабыз. Мен жокто кызымды апам карап калат. Күйөөм болсо кызымды таштап коюп жыргап жүрөсүң деп телефондон кулак мээмди жей берет.Энелик укукту кантип коргосом болот.

Add your comment

Your email address will not be published.