Маданият

Азамат Советниктен «Жеңил жаша» китеби сизди ийгиликке жетелейт

Кыргыз жергесинен алыста жүрсө да жүрөгү кыргыз деп согуп, социалдык тармактан атайын тайпа түзүп, андан жаш улан кыздар менен пикир алмашып, мекенди коргоого дем берип келген Азамат Советник аттуу жигит элдин талабы менен ой толгоосун китеп кылып басып чыгарды. Анда адамзатынын жашоосу эмне себептен оорлонуп, турмуштун арабасын тарта албай  аксап калгандарга дем берген жакшы ой пикирлер камтылган. Башка тилде жазылган ден берүүчү китептерден айырмаланып, бул кыргыз элинин жүрөгүнө жакын, жашоо турмушуна шайкеш келип, ийгиликке жетүүгө оңой жолдор жазылган. Маанайы түшүп, жашоодон сынып, супсак күндөрдү башынан кечирген кыргыз атуулу үчүн эң сонун “Жеңил жаша” китеби жарык көрдү. Эгерде ал китепти алып окуп көрүүнү кааласаңыз  Бишкек шаары, Чүй-Раззаков көчөлөрүнүн кесилиши (Ала-Тоо аянты). «СОНУН ГО» китеп дүкөнүнөн сурап сатып алсаңыз болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *