Азамат Ногойбаевге кылмыш иши козголуп, пара алууга айыпталды беле?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2007-2008-жылдары Болотбек Ногойбаев ИИМди жетектеген. Атасы министр кезинде Азамат Ногойбаев Жайыл РИИБнин орун басары болгону эсибизде. Көп өтпөй спирт контрабандасын кармап, пара алууга айыпталып, финпол тарабынан кылмыш иши козголгонбу? Камалып кетерде атасы сактап калганы логикага бап келишип атабы? Айтор, ачуу суроолорду жандырууга мезгил келди. Ошентип, кызматынан айдалганбы? Бул жагынан тийешелүү органдар текшере коюшса, көп деле убакыт кетпейт го? Мына ушундай “калбырлуу”, шектүү Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИБнин начальниги болуп отурат. Баа берилиши керек да, туурабы? Кечээ кылмыш ишине кириптер кадр шаардыктарга кантип үлгү жаратат?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg