Аза кызматынын директору Жунусбеков депутат Атамбаевди сотко берди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаевди сотко бергенин билдирди.

Ага негизсиз каралап, ар-намысына шек келтиргени себеп болгонун белгиледи.

«Кадырбек Атамбаев негизсиз эки жолу каралаган ушактарды тараткан. Бул боюнча жеке телефонуна бир нече жолу чалсам албай койду. WhatsApp мессенджерине жазсам жооп бербей койду. Жогорку Кеңештин депутаты, агасы Сейит Атамбаевге да кайрылгам, бирок жолугушуудан качып туруп алышты. Ошондуктан ар-намысымды коргоо максатында сотко кайрылууга туура келди»— деди.

Ошондой эле Атамбаев аны «билимсиз, коррупционер»- деп ар кандай ушактарды таратканын кошумчалады.  Муну менен катар Бишкек 24 басылмасын дагы сотко бергенин шардана кылды.

Булак: Reporter.kg

Аргумент.kg