Аялын өлтүрүп, денесин жиликтеген

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жиликтенген сөөгү Чоң Чүй каналында табылган аялдын өлүмүнүн бети ачылды. Шектүү Россиянын Ханты-Мансийск шаарынан кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 14-октябрда Сокулук районунда жайгашкан ЧЧК суусунан зомбулуктан каза болгон адамдын сөөгү табылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө агымдын жогору жагынан, башкача айтканда Бишкектин аймагынан сөөктүн калган бөлүктөрү табылган.

15-октябрда аталган факты боюнча райондук ички иштер бөлүмүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин («Адам өлтүрүү») негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошентип, табылган сөөк аялга таандык экени аныкталып, бирок жансыз дененин бузула баштаганына байланыштуу өздүгү белгисиз бойдон калган.

Белгиленгендей, коомдук резонанс жараткан өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу үчүн эң тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер жана тергөөчүлөр тартылган.

Кийин өлтүрүлгөн аялдын өздүгү такталган, ал 1974-жылы туулган, учурда Аламүдүн районунун Пригородное айылында жашаган Х.М. болуп чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Х.М.ны өлтүрүүгө анын күйөөсү 1968-жылы туулган А.И.нин катыштыгы бар экени аныкталган. Шектүү кылмыш жасагандан кийин Россияга кетип калганына байланыштуу ага карата издөө жарыяланган.

Ошентип, 2022-жылдын 25-ноябрында жөнөтүлгөн багыттамага ылайык, Россиянын Ички иштер министрлигинин Ханты-Мансийск шаарындагы кызматкерлери тарабынан А.И. кармалып, камакка алынган. Учурда аны Россиядан Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат жана кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

Аргумент.kg