Аялымдын башкасынын эмес, дал ушул нерсенинен эле корком

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүт жагынан төп келишкен аялым бар. Өзүм жөнөкөй эле жигитмин. Күн сайын ушул аялыма татыктуу болоюн деп пайдалуу бир нерсе жасаганга аракет кылам. Башкаларга окшоп кызганбайм. Аялыма ишенем.

Ата-энем келинин өзгөчө жакшы көрөт. Апам баласы ал эмес мен экенин унутуп калган сыяктуу. Мурда мага байпак токуп берчү эле, азыр мени ойлоп дагы койбойт. Келиниме деп чоң пакет берет. Мага бир жилик салып коет. Ошонусуна деле рахмат деп сүйүнөм.  Боюнда бар кезде апаман күн сайын уруш жечүмүн. “Келиним эмнеге иш кылып жүрөт”, “айтканын алып келип бер”, “буту жылуубу карап тур” ж.б.

Экөөбүз таанышкан күн дале эсимде. Курсагы ач, чөнтөгүндө он сомдон башка тыйыны жок байкуш студентмин. Үйгө жетип алсам эмне болсо ошону жейм деп маршрутка күтүп тургам. Келинчегим автобустан түштү. Бир көрүп сүйүп калдым. Колунда эки чоң пакети бар экен.

Оозум ачылып карап отурсам, “чоң жигит, жардамдашып коесузбу” деди. Ордуман шап турдум. Бир нерсе деп сүйлөй алсамчы. Үйүнө чейин көтөрүшүп бардым. Жакын эле жашайт экен. Курсагымдын курулдаганын деле унутуп койдум. Рахмат айтып кирип кетти. Бир сөз сүйлөгөн жокмун. Ушундай кызга татыктуу эмесмин деп ойлодум. Эртеси биринчи жолу парага кечикпей барып, тытынып окуй баштадым.

Көзүнө көрүнгүм келди. Студенттер кеңешинин жетекчиси болгонго жетиштим. КВН болобу, концерт болобу бүт жакта мен. Сахнага чыгып алып аудиториядан келинчегимди издейм. Көрүп калсам тим эле берилип ойнойм. Таппасам көңүлүм түшүп калат. Эмнегедир мага баары бир көңүл бурбай жатты. Бир күнү сабактан күтүп сүйлөшүүгө чакырдым.

— Сен үчүн баарын кылып жатам, а сен дале мени көзүңө албайсың. Эмнеге? Эмнеге мени карабайсың?

— Анткени, сенин ийгилиңдин баары мени менен байланышкан. Сен өзүң үчүн, өзүңдүн келечегиң үчүн эмес, бирөө үчүн жасап жатасың. Өзүн сүйбөгөн адам, кантип бирөөнү сүйө алат.

Келинчегимдин бир гана жеринен корком, ал –акылы. Ушунча акылдуу адам. Аны менен сүйлөшүп отура бергим келет. Кеңештерин угуп бир нерсе жасасаң баары ийгиликтүү болуп чыгат. Досторум аялынын сөзүнөн чыкпайт деп шылдыңдашат. Аялым менен кеңешип иш кылгандан бир жамандык көрбөдүм, анан эмнеге аны менен акылдашпашым керек десем ооздору жабылып калат.

Аялыма татыктуу күйөө болгум келет. Апам менен атам дагы, “бактылуусуң балам, ушундай жубайга жолуктуң, сыйлап баркына жет, көңүлүн оорутпа” деп көп айтышат. Алардыкы туура экенин билем.

Мен сени сүйөм деп күндө айтам. Келинчегим жылмайып, “мен дагы сени сүйөм” дейт. Ушул сөзүн угуп алып жумушка бутум тийбей учуп жөнөйм.

http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg