Аялымды көрсөм эле кыжырым келе берет.Эмне кылсам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы! Мен жыйырма жети жаштамын. Азыр Москвада мигрант катары жашап, иштеп жүрөм. Тапкан акчама Бишкектен ипотекага квартира алгам, азыр акысын ай сайын төлөп жатам. Эми дагы бир жылы калды. Ипотека бүтсө батирди ремонттоп, анан бир чоңураак машина алып мекенге биротоло кайтсам деген оюм бар. Ошондо Россияда дагы үч-төрт жыл кенен жүрөт окшойм. Азыр ишим жакшы эле. Бирок жеке жашоом оюмдагыдай эмес. Мындан эки жыл мурда Москвадан кыргызстандык 22 жаштагы кызга үйлөнүп алгам. Үйдөгүлөрүм менен деле акылдашкан эмесмин. Бирок андан кийин үйлөнгөнүмдү айткам. Эч кандай той кылган жокпуз. Жөн гана нике кыйдырып жашап алганбыз. Ошол жылы негедир жалгыздыктан тажап, үйлөнгүм келип жүргөм. Жаңы таанышканда келинчегим Москвага төрт ай мурда эле келип, жаңыдан көнүп келе жаткан кези экен. Жумуштан таанышып калып эле жумшактыгын жактырып баш кошком. Кийин толук жакшы көрүп кете алган жокмун. Такыр көңүлүмө төп келбейт. Анын үстүнө апамдар да жактырган жок. Апам өзү тарсылдаган аял. Келинчегим, тескерисинче, акырын, жай кыймылдайт.

Апам жамандаган сайын аялымдын кыймылдаганынан кынтык издей берем. Кичине туура эмес бир нерсе жасап койсо эле кыжырым келип кетет. Кээде чаап жиберген күндөрүм болот. Айрым учурда жумуштан маанайым жок келсем же күнүмдүк материалдык көйгөйлөргө туталанып турсам келинчегимден чыгарам. Ар кайсыны айтып наалырымды өзүм да байкап калдым. «Тимеле кишини жеп саласың» деп айтат. Башында ыйлап-ыйлап тим болсо, азыр ал да кошо айтышып, кыйкырышып урушат. Ансайын жаман көрүп кетем. Ортобузда бир муздак дубал бар. Кээде достордун аялдарын карап суктанам. Аялым такыр жасанбайт, жупуну жүрө берет. Эми боюнда болуп калыптыр «баланы алдырып сал» деп жатам. Ажырашып кетсек да балага убал. Ажырашам десем апам «макул» деп айтары шексиз, бирок аялымда күнөө жок эле ажырашып кетип ырыс кесер боломбу деп корком. Азыр келинчегим соолуп кетти. Аны карап ичимден «бирөөнүн тагдырына балта чаптым го» деп калам. Ага андай мамиле жасабайын дейм, болбой эле ороңдоп, кагып-силкип, жекирип салам. Мүмкүн өзүм ошондой майдачыл адамдырмын. Билбейм, чынын айтсам ойлонбой үйлөнүп алганыма өкүнөм. Ал да иштеп акчага тыгын болуп, батыраак бутка турайын деп эле алып алсам керек. Анын акчасын көбүнчө күнүмдүк жашоого керектеп, меникин ипотекага төлөйбүз. Эки ортодо кыйналып кеттим. Жакпаган аял менен жашоо эркек үчүн кыйын экен.

Интернеттен алынды

Аргумент.kg