Аялым мени алдап тийиптир, ажыраштым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Биринчи аялым кайтыш болуп кетип, 3 балам менен калгам. Мезгил бир орунда турбайт экен, анын үстүнө аял жок, 3 эркек балам болуп кыйналып кеттик. Ошентип, экинчи ирет үйлөнүүгө туура келди. Ошол кездерде тааныштар аркылуу жашы 37деги бир келин менен таанышып калдым. Ал тааныштары таластык болуп, ушул жакка келгенин айтты. Абдан жүдөө, сыртынан эле турмуштун запкысын көп тартканы көрүнүп турат. Үстүнө кийген кийими да эски экен. Ал мага жолдошу аракеч болгондуктан ажырашып кеткенин, 1 уулу бар экенин, ал атасында калганын айтты. Жолугуп сүйлөшүп калган кездерде байкасам, сөзү орундуу, жүрүш-турушу жакшы эле неме көрүндү. Башканы кайдан издемек элем деп ага баш кошууну сунуштасам, макул болду. Ошентип, бирге түтүн булата баштадык. Үйдө бекер отурбай деп ал кафеде иштеп жүрдү. Үстү жаңырып, багуусу жарашып, өңүнө чыгып калды. Бир жолу базарга чогуу барып калдык. Базардан бир эркек жолугуп калып, аялымды ашатып сөгүп, «касиети жок, 3 баланы мага таштап, эрге тийип…» деп жулмалап кирсе болобу?! Жиним келип, мушташып жатып калдык. Жаныбыздагылар ортого түшүп ажыратышты. Бир убакта кепке келип сүйлөштүк. Көрсө, ал аялымдын мурунку күйөөсү экен. Аялымдын кафеде иштеп жүргөнүн бирөөлөрдөн угуп, атайын Нарындан Таласка издеп келген экен. Аялыма «күйөөгө тийген болсоң, 3 баланы тең ошол жерге алып барып бак. Болбосо аныңды таштап, үйгө кел. Энем өлүп, 3 баланы бага албай кыйналдым. Башка аял өгөй балдарды карабайт экен. Же балдар үйүнө берип салайынбы?» деп кыйкырып жүрөт. Көрсө, экөөнүн 3 баласы бар экен да. Ошондо гана аялым мага калп айтканын билдим. Мурунку күйөөсү «бул аял менен жашайм десең, 3 баланы тең өзүң багасың» деп күпүлдөйт. Аялым болсо «кет, көзүмө көрүнбөй жогол! «Башка аял алам, балдарды сага эч качан бербейм» деп кубалабадың беле?! Энең бир өлмөктөн үч өлбөйбү?! Көк мээ, ичкич…» деп бакырат. Ошондо гана аялымдын калп айтканын, калп айткандан тышкары тили да заар экенин билдим. Үйгө келген соң унчукпай кийимдерин түйүп берип, жолуна деп акча карматтым да, сыртка чыгарып койдум. Элден «кээ бир аялдар күйөөгө калп айтып тийип алышат» дегенди угуп, көп маани бербей жүрсөм, эми минтип өз башымдан өткөрүп отурам. Эне деген ыйык дечү элек. Ушинтип 3 баласын бирдей таштап, менин башымды айлантып жүргөнүнө өтө таң калдым. Ушундай аялдар азайса, эркектердин деле жүрөгү бар экенин унутушпаса дээр элем.

Аргумент.kg