Аялым «апаңды карылар үйүнө өткөр»-деп жатат.Тажадым…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы Аргумент .кж сайты.Мен дагы өзүмдүн көйгөйүмдү жазгым келди.Эки жыл мурун мен аял алгам.Анан экөөбүз үйлөнүп апам менен бир  үйдө калдык.Байкуш апам карыган,жашы 78де.Ооруйт катуу,давлениясы бар.Аялым күндө мээмди жеп «Мен сенин апаңды карабайм,тажадым»-деп айтат.Башка бир туугандарыма же бир тууган байкелерим болгондо макул,апамды ошол жакка бермекмин.Бирок бир тууганым да жок,үй-бүлөдө мен жалгыз баламын.Чын айтканда эмне кылаарымды билбей жатам.Аялым аябай тажатты,бирок эмне болсо дагы мен аны катуу сүйөм.Эмне кылсам болот?Апамды карылар үйүнө бергим келбейт.Аябай кеңешиниздерге муктажмын.

Аргумент.kg