Аялым “ала жипти” аттады…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мага аябай кеңешиңиздер керек болуп жатат. Мен Россияда иштеп жүрөм. Аялым эки балам менен Бишкекте турат. Досторумдун айтымында, аялым башка бирөөнү киргизип алып, жашап жатыптыр. Ага телефон чалып сурасам, “карандай калп” деп актанып койду. Ошондон тарта ичим муздап, телефон чалбай койдум. Жакында Бишкекке келем. Аялым менен мындан ары чогуу жашарымды элестете албайм. Бирок эки баламды кыйбайм. Россияда эмне деген тагдырларды, бузулган үй-бүлөлөрдү көрдүм. Өз башыма ушундай күн келет деп эч ойлобопмун. Түбүң түшкүр сойку дүйнө…

Мурат 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg