Аялыңдын урусаты жок тоок да  сата албайсың

Аялыңдын урусаты жок тоок да сата албайсың

08-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин ченемдерине ылайык эгерде нике келишиминде башкача белгиленбесе, никеге тургандан кийин арттырган мүлк жубайлардын жалпы мүлкү болуп саналат.

Буга байланыштуу, никеде турган учурда арттырган транспорт каражатын сатуу үчүн жубайлар экөө тең Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүнө же секторуна кайрылышы керек же кыймылдуу мүлктү ажыратууга жубайдын макулдугу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызды тапшыруу зарыл.

Жубайлардын бири, бирге жашаган мезгилде арттырган кайсы болбосун да кыймылдуу мүлктү экинчи жубайдын башкаруусуна берүүгө макулдугу жөнүндө арызды тапшырууга укуктуу. Мындай макулдук мөөнөттүү же мөөнөтсүз болушу мүмкүн.

Ушуга байланыштуу нике учурунда транспорт каражатын сатууда жубайлар биргелешип Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бөлүмүнө же секторуна кайрылганда төмөнкү шарттар колдонулат:

 

  1. Визуалдык кароо жана фотофиксациялоо үчүн транспорт каражатын берүүгө шарт;
  2. Каттоо боюнча адиске кезек тартибинде кайрылуу;
  3. Никелешүү туралуу күбөлүктү көрсөтүү;
  4. Жубайы/жолдошу кыймылдуу мүлктү ажыратууга макулдук берүү үчүн арыз толтурушу жана фотофиксациядан өтүү;
  5. Транспорт каражатын кайра каттоо жол-жобосун аягына чыгаруу.

 

Жубайлардын бири «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмүнө/секторуна келе албаган учурда, транспорт каражатын ажыратууда кыймылдуу мүлктү ажыратууга макулдук берүү жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арыз тапшыруу зарыл.

Транспорт каражатын сатууда нике тууралуу маалымат жок болгон учурда сатуучу никеде эмес деген милдеттенмени толтурат.

Ошону менен бирге, эгерде ээликтен ажыратылган кыймылдуу мүлк никеге турганга чейин алынган болсо, анда жубайынын макулдугу талап кылынбагандыгын билдиребиз.

 

ИИМнин “Унаа” ММдин Басма сөз кызматы