Автоунаадагы аялына кол көтөргөн Оштогу судья окуянын чоо-жайын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаардык сотунун маалымат кызматы автоунаанын ичинде отурган аялга кол көтөргөн адам Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов экенин тастыктады. Буга чейин социалдык тармакта автоунаада отурган аялына кол көтөргөн адамдын видеосу тарап, интернет-колдонуучулар ал Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов экенин жазышкан. Соттун маалымат кызматы билдиргендей, Истамкулов бул боюнча комментарий берип, үй-бүлөлүк пикир келишпестик болгонун айткан. «Жаңы жылдык отуруштан кийин кызып калган аялы автоунааны айдаганы жатканда Истамкулов токтотуу үчүн ага кол көтөргөн. Бул учурду бейтааныш адамдар тартып алып, социалдык түйүндөргө таркатышкан. Судьянын келинчеги жасаган аракеттери туура эмес экенин түшүнүп, пикир келишпестик жокко чыгарылганын ырастады», — деп жазылат маалыматта. Окуяны Жогорку соттун жетекчилиги териштирип, судьяга эскертүү бергени кошумчаланды.

Аргумент.kg