Саламатсыздарбы админдер. Сиздерден суранарым менин аты жөнүмдү жашырып катымды чыгарып бериңиздерчи.

Мен уул баламын, кадимкидей эле толук кандуу эркекмин. Бирок жан дүйнөм кыздыкындай. Дегеним мен кыздардай кийинип, кыздар менен сырдашып, аларды конкурентимдей көрөм. Кыздарга эркек катары көңүлүм да түшпөйт. Башка өлкөдө мага окшогондор жынысын алмаштырып алышат экен. Бизде да ушундай клиникалар барбы? Чет өлкөгө чыгып алмаштырууга каражатым жок. Эркек бойдон калган кундө да мен толук кандуу күйөө ата боло албайм. Мени кечиргиле, туура түшүнгүлө демекчимин.