Коом

Атасы кыз узатууга чакыруу билетип таратып жүрүп кызынын өлүгүнө күбө болгон

Тойго макулдашып алган жигит колуктуну аял катары алгысы келбей муунтуп өлтүрүп койгон. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта окуя Индиянын Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Барейли шаарында катталган. Анда 14-июнь күнү түштөн кийин 19 жаштагы Минакши Сингх Тина атасы Маданпал Сингх менен үйлөнүү үлпөтүнө чакырууларды Житин аттуу адам менен жеткирүүгө барганда коштошкон. Майрамдык салтанат 20-июнда өтүшү керек болчу.

Кийинчерээк күйөө колуктуга телефон чалып, дүкөнгө алып бара турганын айтып жолугушууга чакырган. Кызын апасы аялдамага чейин узатып барып коштошкон. Ал эми бул учурда кыздын атасы тууган-тааныштарына чакыруулардын бир бөлүгүн жеткирип, тамактанганы үйүн көздөй  келе жаткан эле. Ал жолдо топтошуп турган элди көрүп, мотоциклин токтотуп басып барган. Элдин ортосунда кызынын сөөгу жатканын көрүп: «Бул менин кызым» деп кыйкырып, эсин жоготуп койгон.

Кийинки күнү полиция күйөө болуучу жигитти кармап, колукту болчу кызды өлтүрүп коюшу мүмкүн деп шектенишкен. Кызыгы сурак учурунда Жичин Минакшиге үйлөнгүсү келбей турганын айтып, тойду жокко чыгарууга аракет кылган. Колукту болчу кыз атасы тойго чакыруу билеттерин тууган тааныштарга таратып салганын, кафеде орундар эчак алынып калганын айткан. Экөө чырдаша кеткенде жигит кызды муунтуп өлтүрүп, жол жээгиндеги даракка сүйөп отургузуп кетип калган.

«Кызымдын Житинге үйлөнүү тоюн алар бири-бирин тааныгандыктан уюштурдум. 6-июнь күнү үйлөнүү үлпөтүнүн алдындагы аземде белек алмаштык. Бирок Житиндин үй-бүлөсү нааразы болгон, анткени алар көбүрөөк акча каалашкан. Житин үйлөнүү тоюн кийинкиге калтырууну суранды, бирок бул мүмкүн эмес болуп калган  биз чакырууларды жөнөтүп, аземге орун брондоп койгонбуз ”, — дейт кыздын атасы.Полиция бул киши өлтүрүүгө Житинден башка бирөөнүн катыштыгы бар же жок экенин иликтеп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *