Атам бир келин менен жазышып….

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы чыгарып бериңизчи.Эмне кылаарымды билбей, эки күндөн бери жакшы уктай албай, жаман болуп жүрөм. Папамдын бир аял менен жазышканын окуп калдым . Ал: «Качан жолугабыз ?» деп жазыптыр. Эмне болсо ошол болсун алар. Бирок мамама  аябай жаман болуп жатам. Ал папамды ушундай жакшы көрөт. Чан жугузбайт, эн жакшы жолдош тапкам деп мактанат. Папам тигинтип ар ким менен жолугуп, жазышып жүргөнүн такыр билбейт. Ойлоп дагы көргөн эмес болуш керек. Ушунчалык периштедей көрөт. Баарын ага жасайт. Эх, аябай жүрөгүм сыгылып жатат, үйдөн мен эле билем бул нерсени. Эмне кылсам?

Аргумент.kg