Атамбаевге салам-дубай айттырган саясатчылардын арбыганы эмнени билдирет?

Атамбаевге салам-дубай айттырган саясатчылардын арбыганы эмнени билдирет?

03-бирдин айы, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Абактагы Алмазбек Атамбаевге түндүк-түштүктүн лөк саясатчылары салам-дубай айттырышып, тымызын үмүт кылып атышканы айтылууда. Бул боюнча элитанын тар чөйрөсүндө талкуулар жүрүүдө. Жакын арада шайлоо деле болбойт да, а эмнеге ээликкендер дүрбөй башташты? Негизи Алмазбек Атамбаевге санаалаштары, колдоочулары кире алышпайт. Түрмө катуу көзөмөлгө алынган. Бирок тымызын жылуу сөз айттырышып, тилектештикти билдиргендер эмнени көксөп жатышат? Же “бир балээни” жонунан сезишкен “доңуздар” көбөйдүбү? Сыягы, мындай жүрүш, бүдөмүк белги бийликти ойлондурушу керек го…

 «Азия Ньюс» гезити