Атамбаевдин балдарынын арасында ич ара бөлүнүү күч…

Атамбаевдин балдарынын арасында ич ара бөлүнүү күч…

31-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Ушундай. Алмазбек Атамбаевдин балдарынын, тарапташтарынын арасында ич ара бөлүнүү күч. Темирлан Султанбеков менен Кадыр Атамбаев «Социал-демократтар» партиясы менен өзүнчө кетсе, Сеид Атамбаев, Асел Кодуранова, Рыскелди Момбеков жана башкалары эл менен болууга басым жасап, бир эсе бийликке каршылык көрсөтүүгө аракеттенүүдө.

Абактагы экс-президент короосундагы ынтымактын ыдыраганына, кыйын кезде балдары бир муштумга түйүлө албай, ар кандай азгырыктарга алдана баштаганына кыжалат экен.

Бирок Бишкек шаарынын жогору аймагы Сеид Атамбаевди колдогону, алдыдагы чоң саясый күрөштөргө үмүт жаратканы эмнени билдирет? Али кызыктардын түйүнү чечиле элек…

Булак: Азия News гезити