Атамбаевди №27 абактагылар урмат-сый менен тосуп алышыптыр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аз күн мурда Алмазбек Атамбаевди №27 абакка которушкан. Ал жердегилер урмат-сый менен тосуп алышканы бизге чейин угулду. Жаткан хатасында ашпозчусу, китеп окуп берген жардамчысы да бар экени айтылууда. Баары шайма-шай. Экс-президенттин ден соолугу начар болгону менен ички дүйнөсү чыйралып, духу күчөп турган маалы. Жазда козголот да… Баса, жакында эле Атамбаевдин ооруканадан дарылануусуна сот уруксат берген. Ошондон ары Москвага кетүүгө жол ачылса (бул өзгөчө шанс), саламаттыгын кайра калыбына келтирсе, андан соң саясатка аралашпай эле тынч жүрүүсү керек. Баардык бийиктикке чыкты, жамандыкты да көрдү. Эми аксакал болсун…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg