Атамбаев 31-августка карата же туулган күнүндө эркиндикке чыгабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурдагы бажы төрагасы Кубанычбек Кулматовду славян улутундагы лөктөр түрмөдөн чыгарып алышканын айтпасак да түшүнүктүү болгон. Учурда ал сот процесстерине катышып коюп, ээн-эркин эле жүрөт. Дал ушундай сырткы күчтөрдүн таасири дагы колдонулган жатабы?
Ооба, учурда Алмазбек Атамбаев камакта отурат. Жалпыга жарыя болбосо да, орустар бул иштин аягына чыгууга кызыкдар болушуп, экс-президентти абактан алып чыгышабы? Толук мүмкүн. Атамбаев президент кезинде Путин менен жылуу мамиледе болуп, Россиянын саясатын ак эткенден так эте колдогон. АКШнын аскер базасын өлкөдөн чыгарууга эрки жеткен. Деги эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан стратегиялык өнөктөшү Россияга ыктап, жардамдарын алып, жакындашуу жагынан алдыда эле. Атамбаевге ыраазы болгон Путин өз колу менен Александр Невский атындагы орденди тапшырган. Бул жогорку сый-урмат! Абройлуу орден эмгеги сиңген, ишенимдүү адамдарга берилип келет. Кызыгы, Александр Невский сыйлыгына татыгандардан жалгыз Атамбаев түрмөдө отурат экен. Кремль не дейт? Мындай көрүнүш намыстантып, ыңгайсыздык жаратып атабы?..
Өздүк булактарыбыз билдиргендей, сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү менен Атамбаевди 31-августта, же туулган күнүнө карата (17-сентябрь) эркиндикке чыгаруу талабы коюлабы? Бул боюнча маселе жанданып, иш жүзүнө ашары ыраспы? “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дечү эле…
Aryba.kg 

Аргумент.kg