Саясат

Атамбаев шайлоого КСДПны алып чыгып, сап башына Абдраимовду коёбу?

Абактагы Алмазбек Атамбаев түрмөдө узакка чейин ойлонуп, күздөгү парламенттик шайлоого кадимки КСДПсы аркылуу чыга турганын тар чөйрөдөгү санаалаштарына айтыптыр. Бул боюнча азыр иштер жүрүп атканы, ошол эле тизме башында Туйгунаалы Абдраимов туруп, республикалык алкактан добуш ала турган орто муундан жаштарга чейин саресеп салып, кылдат анализин баштаганын кулагыбыз чалып калды. Сыягы, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева сыяктуу эрге алмашкыс айымзаттар турганда, андан аркысы жоо сая турган көкжал карышкыры бар, жок эле дегенде эңип кеткенге жарагандар турганда, мындай күрөш оңой эмес го. Айтор, бул тизме чачылганды жыйнаган, үзүлгүндү улаган күч болорун билгендер алдыртан божурашууда.

“Азия Ньюс” гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *