Атамбаев саясатка кайтса, элге да, өлкөгө да зыян алып келет!

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бийликтеги эки достун, тагыраагы, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин кең пейилдигине, айкөлдүгүнө сөз жок. «Аш менен урганды таш менен үр»- деген кыргыздын кечиримдүү мүнөзүн көрсөтүшүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан чыгып дарылануусуна уруксат беришти. Бул жагынан журт башчылары катары кекчилдик, өч алуу деген нерселерден жогору турарын айгинелешти. Эми эркиндикке чыккан Атамбаев өзүн кандай алып жүрет, саясатка кайтып келеби, жокту, өзүнүн балп этмелерин кайрадан баштап, «менден өткөн кыйын жок, Кыргызстанды мен гана башкарышым керек»,- деген сыяктуу оолукма адаттарын карматпайбы? Кепчүлүктү ушул маселе ойлондурууда. «Жээнбековдордон еч алам» деп, кезектеги «боткону» чалып, ага элди, елкенү кириптер кылып, Бекболот Талгарбеков айтмакчы кыргыздын шоруна жаралган апаат экенин керсетпейбү? Ачыгын айтканда, Атамбаевдин саясаттан, мамлекеттик башкаруу иштеринен алыс эле жүргөнү оң болоруна кыргыз эли ынанып бүттү, Анын саясатка кайтуусун айрым тарапташтары, айланасындагылар эле каалабаса, кепчүлүк аны саясий аренадан көргүлөрү деле жок. Муну Атамбаев жана атамбаевчилер кабыл алгылары келишпесе да, бирок чындык ушундай. Атамбаев ден соолугун жакшыртып, тыңып алган соң саясатка кайтып келерин күтсек болот. Анын «саясатка келерими, келбешими убакыт көрсөтөт»- деп айтканы буга далил. «Убакыт көрсөтөт»- дегени «келем» дегени. Аргасыздан «карышкыр канчалык сопу көрүнгүсү келсе да, койду көргөндө…»- деген сөз эске түшөт. Бирок саясатка аралаша баштаса кандай болот? Өлкенү, элди гана кыйнап, саясий кризистердин жаралышына себепчи гана болот. Саясий максаттарына жетүү үчүн элдин биримдигин, өлкөнүн тынчтыгын бир тыйынчалык көрбегөн адам мамлекет, коом үчүн коркунучтуу. Андыктан акыл-эси болсо Атамбаев саясий дымагын жыйыштырып, башкалардын азгырырыктарына азгырылбай, чакырыктарына оолуклай, неберелерин карап, коомдук-гуманитардык иштер менен алектенип, кеп-кеңештерин берип, балким, ыр жазып, же адабиятчылыгын кылып жашоосун өткергенү өзүнө да, элге да жакшы. Болбой эле бийликтегилерге тап коюп, «тиш» кайрай берсе, анда мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраган эчкинин тагдыры күтөт. Анда Атамбаевге сооп деле жок Булак:Саясат.kg

Аргумент.kg