Атамбаев: «Менин жаңылыштыгым менен өлкө өнүгүүдөн калды»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Open Central Asia журналына мурдагы президент Атамбаевдин камакка алынаарына саналуу сааттар калганда берген маеги жарыяланды.
«Шайлоо укугу шайлоочуларда. Кыргызстандын шайлоо системасы добуштардын жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейт. Бирок моюнума алышым керек, 2017 жылдагы президенттик шайлоодо мен Сооронбай Жээнбековдун президент болушун каалагам. Анткени, 2015-жылдан тартып көп адамдар мени бир жол таап 2-мөөнөткө шайланууга барат деп башташкан.
Мен аларга бийликтен өз эрки менен кетүүнүн үлгүсүн көрсөтүшүм керек эле. Ошондуктан элге менин курсумду өлкөнүн жаңы башчылары улантат деп убада берүүгө туура келди», — деген Атамбаев.
Ошондой эле ал учурдагы президент үгүт иштери учурунда бардык жолугушууларында элге анын саясий курсун улантып, реалдуу лидер премьер-министр эмес, президент болгон парламенттик башкаруу формасына өтөөрүн убадалаганын белгилеген.
«Эки революция кыргыз эли бир адамдын башкаруусуна чыдай албашын көрсөттү. Ошондуктан Кыргызстан үчүн эч кимге баш ийбеген президентке караганда, парламентке баш ийген премьер-министрдин варианты бир топ ыңгайлуу», — деген ал.
Андан ары мураскери катары Сооронбай Жээнбековду тандап алганына, аны жакшылап байкаштырбаганына өкүнөөрүн айткан.
Ал президент болуп шайланып алаары менен такыр башка жолго түшкөнүн, мурдагы президенттин тарапташтарын чекесинен камай баштаганын белгилей келип:
«Менин жаңылыштыгым менен өлкө өнүгүүдөн калды», — деген. Бөлүшүү

Аргумент.kg