Атамбаев менен Жээнбековдун так талашы тууралуу тасма тартылат
28-теке, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева«Манастын уулу Семетей» тасмабызды 210 миллион жазылуучусу бар дүйнөдөгү эң популярдуу интернет канал (стреминг платформа) “Нетфликстин” Азия боюнча дирекциясына жана Түркия кино прокатчыларына көрсөтүп, талкуулап, Стамбулда жүрөбүз.
Өткөндө “Семетейден” кийин кайсы тасманы тартмакчысыз?” деген суроого “Сейтек” дегем. Арийне, “Семетейден” кийин “Сейтек” тартылышы керек. Бирок, чыгармачыл адам дайыма тынымсыз изденүүдө болот. Продюсер эң башкысы элге кызыктуу тасма тартууга аракеттенет. “Сейтек” менен катар “Сынган кылычты” киного айлантууну ойлоп жүрөбүз. Атүгүл романды шашпай казып, сценаристтин көзү менен окуп чыктык. Ошондо мансап колунда турган Нүзүп талаада кой кайтарып жүргөн хан тукуму Шералыны ордого апкелип, такка отургузуп, өзү Аталык катары бийлик жүргүзгөнү, бара-бара Шералы башкаруу кыныгын алып, акыры Нүзүптү өлтүртүп жок кылганы Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун окуясын эске салды… Жалаң бизде, Кыргызстанда эле эмес, кошуна Казакстанда да Назарбаев такка отургузган Токаев каршы чыгып, бир туугандарынын астын камап, жакындарын кызматтардан алып, алар качып-тозуп жүрүшөт… Бир канча убакыттан бери эле мага “Президент жана бомж-4” кылып, АША менен Сокени тартпайсыңбы?!” деп жүрүшөт. Арийне, кызыктуу, элге, тарыхка сабак болчу тема. Ошондуктан кыргыз тарыхынын бийлик сересиндеги кыйчалыштуу бул маанилүү таржымалды сценарий кылып даярдоого белсенип атам. Айрым санаалаштарыма четин чыгарсам, бирөөлөрү “Соке Атамбаевдин жакшылыгын билбей, сатып кетти” дешсе, экинчилери “Атамбаевдин уурулугун жашырса, Сокенин өзүнө муш болмок, ал досунан чындыкты жогору койду” дешет. Башкы каармандар Атамбаев менен Жээнбеков болсо, аларды курчаган “Сынган кылычтагы” Шералынын акылчылары сымал таасирдүү жөөкөрлөрү ар кандай жолго багытташкан… Икрам Илмиянов, Райым Матраимов сыяктуу кошумча персонаждар…
Айтор, чуулган туудурган оош-кыйыштуу тема, оомалуу-төкмөлүү тагдырлар… Азырынча билдирерибиз – олуттуу, терең изилдеп, тарыхый маанилүү сабак болор тасма жаратууга аракет башталганын коомчулук менен бөлүшкүбүз келди. Баян элдин пикири, ой кошуулары, ириде жакын адамдарынын кызыктуу эскерүүлөрү менен толукталып, такталмакчы.
Атамбаев менен Жээнбеков бийлик жүргүзгөн мезгилде биз саясаттан окчун, чыгармачылыкта жүрдүк. Ошондуктан алардын эч бири менен ысык-суук мамилебиз жок. Муну белгилегеним, эч кимисине тартпай, экөөнүн тең ишмердигине калыс, объективдүү баа берилет.
Өмүрзак Төлөбеков, киносценарист жана продюсер
«Азия Ньюс» гезити