Атамбаев экс-президенттердин жолугушуусу тууралуу: Мен азгырылып барып калдым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров менен мурдагы өлкө башчыларынын жолугушуусу тууралуу үн катты.

«Соңку окуяларга байланыштуу жана жарандардын суроолоруна жооп кылып төмөндөгүлөрдү айткым келет. Ооба, экстердин жолугушуусу болду. Мен ал жерде кокустан болдум. Ооба, күтүүсүздөн, себеби мага бул жолугушууда экс-президенттер болот деп кабарлашкан эмес. Мага президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев чакырып жатышканын жана эркин адамдар катары тең укукта сүйлөшүп эски таарынычтарды унуталы дешкенин айтышкан. Мен жакшылыкты эсимден чыгарбайм ошондуктан баш тарта алган жокмун жана керек болсо Испаниянын элчиси менен виза туурасында андан мурда пландаштырган жолугушуумду артка жылдырдым. Өзүңөр билесиңер Испания өкмөтүнүн төрагасы Педро Санчес мени дарыланууга чакырган,  ал үчүн ага чоң рахмат!

Мен дагы өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук болушун каалайм жана бул жөнүндө айттым. Ошондой эле президент Жапаровдун кең пейил ниетин баалайм. Бирок жолугушуунун аягында, эч ким менен коштошпой кетип калууга туура келди. Эгер келечекте зарылчылык жаралса, чоо-жайын кенен айтып берем.

Биздин өлкөдө биримдикти жана тынчтыкты орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга алып келүүнүн экөөсүнүн айырмасы чоң маселе. Экөөнү аралаштыруу таптакыр башка жыйынтыкка алып келет. Өтө көп кан төгүлдү жана өтө көп маселени унутууга болбойт жана мүмкүн эмес. Албетте, күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Жана өлгөндөрдүн туугандары алгач кечириши керек. Президент Садыр Жапаров мени укту деп үмүттөнөм жана туура чечим кабыл алат деп ишенем», — деди Атамбаев.

Аргумент.kg