Атамбаев Бакиев менен кучакташып көрүшүп элди ирээнжиткенде

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

 

Дубайдагы экс-президенттердин жолугушуусу тууралуу коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул боюнча ар түрдүү ача пикирлерди соцсеттер аркылуу билдирип жатышат. Атамбаев бул жолугушууга да Садыр Жапаровдун чакыруусу менен барып катышып калганын айткан. Бирок аягына чейин отурбай, дааратканга барып келейин деп коштошпостон чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Ага жооп ирээтинде Аскар Акаев: «Бардык президенттер, анын ичинде Атамбаев азыркы президент Жапаровдун демилгесин колдоп аягына чейин отурду»-деп билдирген.

Ал эми кээ бир маалыматтарга таяна турган болсок, Атамбаев жолугушууга келген экс-президенттер менен анын ичинде отурган курманбек Бакиев менен дагы кучакташып көрүшкөн. Бул тууралуу эркин журналист Адилет Айтикеев өздүк булактарына таянып фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.

Президенттердин жолугушуусу тууралуу Атамбаев эмне гана деп актанбасын баары суу кечпейт. Себеби алар менен кучакташып көрүшүп, аягына чейин коштоп отурганы факт болуп калды. Анан түштөн кийин электоратын жоготуп албайын деген максатта айтпай чакырышкан, анан коштошпой эрте кетип калдым дегендери жөн эле актануу экени көрүнүп турат. Бул кылган кылыгы анын  электораты эле эмес, жакын тарапташатарын деле ирээнжитип койду көрүнөт. Кыскасы булар үчүн жанын окко тосуп, жаркын келечек үчүн курман болгондордун арбагы деле нааразы болуп жатса керек.  

 

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg