Атамбаев абактан чыккандан кийин Соке ылайыктуу өлкөнү караштырып атабы?

Атамбаев абактан чыккандан кийин Соке ылайыктуу өлкөнү караштырып атабы?

18-бирдин айы, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Аз күн мурун Алмазбек Атамбаев абактан чыгып, коомчулук аркылуу жылуу кабылданды. Көпчүлүк колдой баштады. Мындай шартта Сооронбай Жээнбеков резиденцияда калтырап-титиреп, айласы кетип калганын каңкуулашты. Атамбаев эл көзүнө сыр бербей, мурдагы досу боюнча катуу айткан жок. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, ал чет өлкөдөн сакайып келип алган соң, Сокеге каршы чабуул баштай турганы болжонууда. Кой-Таш, Арашандын тургундарын сабатканын, өзүн каматканын ортого коюп, жаңжалды тутандырсачы?  Жактоочулары, электораты да эсептешүүнү козгоп жатышса кантет? Мындай каршылашууга Соке чыдабай, сыртка качып кетеби? Кайсы өлкөдөн башпаанек алышы мүмкүн? Дал ушул өңүтүнө коомчулук да кызыкдар…

«Азия Ньюс» гезити