Атам менен жай отуруп сүйлөшкөндөн кийин жигитимди таштадым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн дагы урушуп кеттик. Болбогон нерселер үчүн эле кызгана берип тажатты. Сабакта отурсам чалган. Албай койдум. Университеттен чыгып чалсам ал албады. Кыскасы, акыркы убактарда көп ызылдаша турган болдук.

Үйгө маанайым жок келдим. Атам бакта жүрүптүр. Дарбазадан кирип баратсам, “Кызым” деп токтотуп калды. Жанына чакырды. Келгениме сүйүнүп тосуп алган Балтекке дагы катуу тийдим. Атам “анда эмне күнөө кызым, иттердин жүрөгүндө кымындай жамандык жок” деп Балтектин башын сылады. Экөөбүз алчанын түбүндө отурдук. Атам бир кокуч терип алганын мага берди. “Бирди эле жейм” дегем. Токтоно албай, баарын жеп салдым.

— Ата, жакшы жигит экенин кантип билсем болот?

— Дагы уруштуңарбы?

— Ооба. Мамилебизди токтот окшойм.

— Жакшы жигит экенин дароо биле албайсың, кызым. Азыркы заманда эки жүздүүлөр көп. Ошентсе, дагы жүрум-турумунан байкасаң болот. Эми мендейлер аз дечи (күлүп), ошентсе дагы бар.

— Мисалы, ата, эмне кылганын карашым керек?

— Ммм… анда угуп тур. Ачуусу келгенде бир нерсени алып чаап же ыргытып жиберген жигиттен кач. Эртең сага үйлөнсө, буюмдун ордуна сени ыргытышы мүмкүн. Ар кайсы шылтоону айтып, сага биринчи жазбаган, акыбалыңды сурабаганга дагы жолобо. Ата-энесине кылган мамилесин байка. Бул жерден апасынын баласы менен алмаштырып алба. Сени элдин көзүнчө урушкан жигитти өзүңдөн алыс карма. Эки жүздүүлөрдөн, жалкоолордон жана сараңдардан дароо кач. Эртең эле азабын тартасың. Уйкучу жигитке дагы турмушка чыкпай эле кой. Үйүңөргө берекени толтура албай кыйналат. Ата-энесинин тапкан байлыгына жан баккан жигит чыныгы жашоонун кадырын билбейт. Кыскасы, көңүлүңө толгон, ниети таза, аракетчил, сени сыйлаган адамды тапсаң бактылуу болосуң.

— Ата, жигитимди таштадым.

— Апей, дароо элеби. Анан эртең айтасың, сиз мени адаштырдыңыз деп (чачыман сылады).

— Жок, ата, сиз азыр менин көзүмдү ачып койдуңуз.

— Анда тур, кийимиңди котор дагы, кара күрмөмдүн чөнтөгүнөн акчаны алып, дүкөнгө түшүп конфет алып кел. Бир отуруп татуулар менен чай ичели.
http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg