Коом

“Ата Мекендин” кыз-келиндери Анжеликаны тизмеге киргизбей жатышат

Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышып, кынык алып калган Анжелика Кайратова чоң аламанга камына баштаптыр. Улам бир саясый күчтөр менен сүйлөшүп, акырында кандай пикирге келди дейсизби? “Ата Мекен” партиясы аркылуу депутаттыкка талапкерлигин алып чыгууга батынса, ал жердеги кыз-келиндер каршылык көрсөтүшүп, Анжеликаны босогодон түртүп чыгарышарын айтышууда. Ошентип, ырчы айым “Ата Мекенге” ашык болуп, тизмеге кирейин десе, кашайып, коллективи жаа бою үркүп атышса, аягы кантет ыя? Ырынан да ызы-чуусу көп Анжелика “Ата Мекенге” тескери атак алып келип, кедери тийип калбайбы?..

«Азия Ньюс» гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *