Ата-энемдин карызын төлөш үчүн өзүмдөн 16 жаш улуу киши менен жүрүп алсамбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жашым 18де. Мектепти аяктагандан кийин ата-энемдин мени окутканга шарты жок болгондуктан, тигүү цехине ишке кирип алгам. Тапканым баскан-турган, ичип жегениме, үйгө майда-чүйдө алганга жетет. Ата-энем экөө тең иштебейт, эч кимден жардам жок. Алардын бирөөгө карызы бар. Аны мен төлөшүм керек болуп атат. Бирок андай суммадагы акчаны канча иштесем да таба албайм. Бир колунда бар, жашы улуу эле тааныш байке бар эле. Такыр айлам кеткенде ошол байкеге кайрылсам, акча берип турарын айтып, анан мени төшөккө чакырды. Алгач укканда ачуум келип урушуп кеттим. Акча үчүн ал адам менен жүрүп алсам, кийин кантип турмушка чыгам? Келечегим талкаланат го деп башым катып атат. Бирок ата-энемдин абалын да ойлоп жатам. Карызды ойлоп уктабай калышты, аларды көрүп мен кыйналып кеттим. Кандай кылсам?

Аргумент.kg