Ата-энемди угуп, ажырашып шаарга барсамбы же күйөөм менен айылга кетсемби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ойлонуп оюма жетпейм.Өзүм эмнени тандаарымды билбей жатам. Экинчи турмушум, күйөөмдүн дагы. Биринчи турмушунан балдары бар.Бир жыл болду турмуш курганыбызга. Биринчи турмушуман балалуу болбой,күйөөмдүн кордугуна мага кол көтөргөнүнө чыдай албай ден соолугумду жеп оорукчан болуп ажырашканмын. Жылдар өтүп экинчи турмуш курдум мен да балалуу болом апа болом деп. Күйөөм жакшы мага эч катуу сүйлөбөйт көнүлүмө карайт. Бирок мен дагы деле боюмда болбой жүрөм. Лечение дагы алдым жыйынтык жок.Арманым балам болсо дейм.Жогорку билимим бар , шаарда үйүм бар.  Күйөөмдүн диплому жок, өзүнүн үй жайы жок шаарга тургусу келбейт . Айылга жашайбыз дейт , мен шаарга дейм. Ата энем болсо шаарда жаша,иште балан жок, күйөөн менен келечегин жок. Жаштыгын, убактын кетет. Андан көрө иште айылга барба дешет. Экинчи турмушунан дагы ажыраптыр деген сөздү уккум келбейт.Ата энемди укпай айылга кетип калсамбы. Күйөөмдү угуп айылда жашап келечегим кандай болот.Ойлонуп оюма жетпейм.

Аргумент.kg