Ата-энем кызыңды  атасына берип салабыз дейт. Эмне кылсам?

Ата-энем кызыңды атасына берип салабыз дейт. Эмне кылсам?

05-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Мен 19 жаштамын . Суйуп куйуп эле турмушка чыккан кызмын . Боюма болгонго чейин баары жакшы болчу, боюмда барда иш кылалбай оорудум 6ай ичи мени ошол үчүн ажыраштырып салышты. Эми болбойт   үйдө да менден чыгарат баарын .Эмне кылышты билбейм деги бактылуулук барбы дүйнөдө кызым бар же ал жакка же бул жакка батпай атам иштейин десем кызым кичинекей. Кээде өлүп алгым келет. Ажырашкандан кийин депрессия  болуп  жүрөм атасы жакшы бирок ата энем  кызынды атасына беребиз деп коркутушат мени. Кудайдан тилейм кызым мен менен калсын деп кантип чыйраламын. жашоо сыноого бай экен .