
«Атаңды каматып, апаңды өлтүрүп кетем». Зомбулукка кабылган өспүрүмдүн окуясы
09-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарынын тургуну Наргиза Ү. редакциябызга кайрылып, кошунасы баласына зомбулук, ыдык көрсөтүп жүргөнүн айтты. Анын бул окуяны коомго айтып чыгуусуна териштирүү иштери жүрбөй, иштин жабылып калганы себеп болгон.
Наргиза айымдын айтымында, баласын кошунасы уурулукка айыптаган. Бул иш териштирүүгө чейин жеткенде башка жагдайлар ачыкталган.
«Ушул жылдын 9-апрелинде уулум телефон чалып, өзүн жаман сезип жатканын айтып, «эртерээк келбесеңиз өзүмдү жоготуп алам» деди. Бат эле келдим, баламдын абалы начар экен, аябай ыйлаптыр.
Эмне болгонун сураганымда «кошунабыз мунумду, тигинимди уурдап алгансың деп жатат» деди. Аңгыча жолдошум келип калды, экөөбүз кошунабызыдыкына бардык. Ал: «Балаңар уурулук кылып жүргөн. Үйгө кирип шакекти уурдаганы КамАЗдын камерасына түшүп калган. Факты бар, видеону көрсөтөйүн десем кубаттуулугу өчүп калды, башка күнү көрсөтөм» деди. Мен «уулубуз балалык кылган го, мейли төлөп берели, бирок шаштырбай тургула, насыя алып берем» дедим. Макул болду. Балам ыйлап чалганда мен 102 кызматына чалып койгом.
Аймактык милиция келгенде кошунам «балаңыздын тагдырына балта чапкым келбейт, милициясы жок эле бүтүрөлү» деди».
Наргиза айым кошумчалагандай, эртеси күнү эле кошунасынын аялы телефон чалып «20 миң сом алып келип бериңиз», кайра чалып «тез арада 10 миң сом алып келиңиз» деген. Ал арада Түркиядан буюртма кылган тетик дагы жоголгон, ошону да тапкыла деп кошунасы айласын кетиргенин айтат
Булак: Аргумент кж