Коом

Асыранды уулумдун апасы чалып жатат кантип айтам?

Мындан жыйырма жыл мурун менин үйүмдө убактылуу жашаган студент кыз кош бойлуу болуп калып, менин үйүмдө төрөп мага таштап кеткен. Ал кезде балалуу боло албай барбаган жерим калбай мүнкүрөп турган учурум эле. Бул мага майдай жагып уул баланы өз уулумдай бапестеп бактым. Жолдошум болсо уулумду биздин үйгө келген ырыскы деп атын Ырыс коюшту.  Ырысым ак жолтой болуп, арты артынан уул кыз келди.  Бапырап бактылуу жашоодо жашадык. Азыр уулум студент, жакында чет өлкөгө барып окуп келүүгө жолдомо алды. Бирок менин жүрөгүмдү өйүгөнү анын таштап кеткен апасынын кайтып келиши болуп жатат. Менин телефонумдун номерин  кайдан тапканын билбейм, айтор мен сизге жыйырма жыл мурун баламды таштап кеткем, эми уулумду алышым керек»-деп жатат. Жыйырма жыл бою ырысты үйүмдүн куту деп бапестеп чоңойтуп эми сени багып алгам десем кандай кабыл алат? Муну укса уулум мени итче таштап кетип, мышык баккандай багып алдынарбы десе эмне дейм.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *