Президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы татыктууларга ыйгарылды.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият-Тарых-Тил” телеканалынын жана “Кыргыз радиосунун” алып баруучусу Гүлшан Молдоева,  “Токтогул Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков,
Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Кыргыз радиосу” радиостанциясынын режиссеру Жайчиева Бегайым, Режиссер, актер Турусбек Жумалиев,Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын директору Алымкул Исаков, А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хор солисти Кайымбек Кускаков,
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык хорунун жогорку категориядагы башкы хормейстери Кулбара Маматова, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жогорку категориядагы артисти Александра Марусич,
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти Исабек Муратов, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын артисти РеджабайТаджибаев, М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын жогорку категориядагы артисти Жолдош Эркимбаевдер “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамын алышты.