Асылбек Жээнбеков парламенттик шайлоого катышкысы келбейт…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Буга чейин ар кандай имиш-имиш, уу-дуу кептер айтылганына карабай, Президенттин бир тууганы, парламенттин учурдагы депутаты Асылбек Жээнбеков азырынча эч кайсы партиянын катарына кире элек.
Демек, талапкерлер тизмесинде жок. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ал дегеле алдыдагы парламенттик аламан байгеде ат салышууга көңүлсүнбөй турат. Сыягы, оозуна алы жетпегендердин “кокуй, Жээнбековдор баарын басып алды” деп чыкчу куру дооматынан алыс болгусу келсе керек. Бирок, саясатың түшкүр тим койчубу, Асылбек мырзанын алды-артына өтүп, өздөрүнө тартууга аракет кылган партиялар арбын. А эгер мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кайрадан эл өкүлү болууну кааласа, “Биримдик” партиясынын катарына кириши мүмкүн. Анткени, бул партияны түптөгөн саясатчылар менен ал пикирлеш, санаалаш экендиги белгилүү. Айтмакчы, бүгүнкү күндө ”Биримдик” партиясынан башка шайлоодо ат салышмак болгон дымактуу партиялардын көпчүлүгүнүн талапкерлер тизмеси болжолдуу түрдө ачыкка чыкты. Азырынча, тизмесин жашыруун кармаган “Биримдик” баарын тыкыр электен өткөрүп, өз талапкерлерин элге анча белгисиз, бирок, жалан таза, абийирдүү адамдардан курап, шайлоочулар учун “сюрприз” жасагысы келип жаткансыйт.
Булак: http://fakt.kg

Аргумент.kg