Асылбек жетелеп алып акесин аңга тыкканда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенденден көп узабай эле иниси Асылбек отдел кадр болду. Кадр маселесин калчап жатат деген күбүр-шыбыр кептер тараган. Жадакалса шаардын борборунда офис ачып тымызын кабыл алып жатат деген дагы сөздөр тар чөйрөдө кеңири  тараган. Парламентте отурган депутаттардын көбү Асылбек Жээнбековдун кареги менен тең айланып турган. Күрүчтүн артынан күрмөк суу ичиптир болуп, анын досу  Төрөбай Зулпукаровго окшогондордун дагы ити чөп жеп баштаганына күбө болдук. Төрө аркылуу көп маселе Асылбекке жеткирилип турган. Чогу чечкен киши болуп анын  тилине кирип бир топ чалмакейлерди чалышканына күбө болдук. Сооронбай Жээнбековду Атамбаев айласын кетирип жатканы аз келгенсип, короновирус чыгып айласын алты кетирди. Ошол мезгилде Асылбек кадр маселесин калчап, денгээли төмөндөрдү кызматка коюп бийликтин абройун алсызданты. Анысы аз келгенсип Төрө досу экөө «Биримдик» партиясын түзүп шайлоону бурмалап 47 мандатты ээлешкен. Жыйынтыгында эл нааразы болуп чыгып октябрь окуялар менен аяктаганын баарыбыз жакшы билебиз. Кыскасы Асылбек жасаган кадамдарынын баары тетири кетип отуруп Акесин анга тыкканына күбө болдук.

Булак: Аргумент.кж 

 

Аргумент.kg