
Асылбек Жээнбековдун жоруктары агасы жүктөлдү
05-теке, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваАкыркы учурда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев тарабынан экс президент Сооронбай Жээнбековдун экс макамын алып салуу маселесин көтөрүп чыкты. Буга чейин да жарандык активистер ушул маселени козгоп керек болсо шайлоочулардын кол топтоо маселесин да көтөруп жиберишкен. Бирок белгилүү өлчөмдөгү кол топтолбой калган. Негизи Сооронбай Жээнбековдун президент учурунда аны кылды эле муну кылды эле деп күнөө койчу маселеси жок өндөнөт. Ал өзүн токтоо, сабырдуу кармап, коомчулукту козгоп жиберчү курч аракеттерге деле барган эмес. Ага караганда иниси Асылбек Жээнбеков бийликтин бир топ маселелерине кийлигишип, өзгөчө кадрдык саясатка арбын аралашып жиберди эле. Сооронбай Жээнбековдун экс макамы алынып калса инисинин кылгандары үчүн Соке өзү жооп берип калбайбы деп суроо койгондор жок эмес. Айтор ушул маселе гана мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун тегерегиндеги ар кандай сөздөргө жана аракеттерге шыкак берип жаткандай.
Булак: argument.kg