
Астанада казакстандык мушкер кыргызстандыкты сабады
13-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКазакстандын Астана шаарында соода-оюн-зоок борборлорунун биринде бокс боюнча экс-дүйнө чемпиону Бейбут Шуменов колунда баласын кармап турган кыргызстандык жаранды сабады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, окуя 18-июнда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, мушташ алардын балдары чырдаша кеткенден кийин болгон.
Белгилүү болгондой, бул окуяны териштирген участкалык полиция кызматкери ишти жаап койгон. Бирок жабырлануучу тарап окуянын видеосун соцтармактарга чыгаргандан кийин кайра териштирүү башталып, «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле ишти жаап койгон кызматкерге карата кызматтык териштирүү башталган.
Соцтармактарга жарыяланган видеого караганда, Бейбут Шуменов колунда бала кармап турган адамдын жанына келип, аны менен бир-эки ооз сөз алмашып, желкеден кармаган. Кыргызстандык аны ары түртүп, столдогу бир буюмду алып, аны урууга аракет кылып, мушташ башталган. Окуянын күбөлөрү аларды ажыратып, полиция келген.
Казакстандын ички иштер министринин орун басары Кайрат Сунтаевдин айтымында, окуя учурунда кичинекей бала жаракат алган эмес. Учурда кыргызстандык жаран мушкердин жоопко тартылышын талап кылып жатканы белгилүү.
Булак: Аргумент кж