Ассоль Молдокматова: Азиз Мурадиллаевдин абалы кайра начарлап кетти. Убакыт абдан аз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу Ассоль Молдокматова Фейсбук баракчасына жазды.

«Актёрго донор боло турган адам тууганчылыгын ырастаган комиссиядан өтүшү керек. Ал эми комиссия болжол менен 30-декабрда болот экен. Андан соң дагы бир катар анализдерди тапшыруу зарылдыгы бар экен. Бул процесс көп убакыт алат. Алар көпкө күтө алышпайт. Азиздин абалы кайра начарлап кеткендиктен үй-бүлөсү 14-декабрда башка өлкөгө учуп кетүүнү чечишти. Убакыт дээрлик жок. Эгерде бейтап менен донор боло турган адамдын органдарынын шайкештиги тастыкталса, анда 1-2 күндө учушат», — деп жазды Ассоль Молдокматова.

Белгилей кетсек, боорунан жабыркап жаткан актёр  Азиз Мурадиллаев кечээ күнү эле  ооруканадан кайрылуу жасап, кыргыз элине жана  президент Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирген.

» Президентке жана бардык жардам берген адамдарга ыраазычылык билдирем. Кудай буйруса, жакшылыкта жолугушабыз деп ишенем. Баары жакшы болот,буйруса көрүшөбүз»,- деген актёр Азиз Мурадиллаев.

Белгилей кетсек, 3-декабрда актёр  Азиз Мурадиллаев оор абалда ооруканага түшүп, ага кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган. Анын боорун алмаштыруу керек болуп, операцияга 45 миң доллар кажет экени кабарланган.

Кийинчерээк атайын эсеп ачылып, кайрымдуу жарандардан 3 миң доллардан ашык каражат топтолгон. Ассоль Молдокматованын демилгеси, кайрылуусунан кийин президент Садыр Жапаров актёрдун операциясына 42 миң доллар бөлгөн.

Аргумент.kg