Дүйнө кабарлары

Асман тиреген 22 кабаттуу үй урап, көптөгөн жарандар белгисиз болууда

Шаардын чок ордонундагы 22 кабаттуу турак жай урап тшт. Бул тууралуу Reuters жазып чыкты.

Маалыматта, окуя Нигериянын Лагос шаарындагы элиталуу квартал деген аталыштагы аймакта катталган. Анда курулганына аз эле жыл болгон 22 кабаттуу турак-жайы урап түшкөн. Жергиликтүү басылмалардын билдирүүсүндө төрт адам урандынын астында калып каза болгон, ошондой эле бир нече жашочу белгисиз болууда дешет. Учурда турак жайдын урандысын казу иштери жүрүүдө. Ошондой эле бул турак жай менен катарлаш жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө залакасы тийбегенин текшеришүүдө.

Ал эки кээ бир басылмалар, турак жайдын урандысынын астында 50 көп адам басылып калган деп жазышат. Бул бийик үйдүн башында турак жайды негиздөөчүсү да жашагандыктан ал да белгисиз болууда дешүүдө. Ошол эле учурда турак жайдын урап калышына үйдү курууда кемчиликтери болгон деп чыгышууда.

Президенттин кеңешчиси Мохаммаду Бухари — Феми Адесин президент жабыр тарткандардын туугандарына көңүл айтуу менен урандынын астында калган жарандарды аман алып калууга болгон күчүн жумшарын билдирди.

Эскерте кетсек, бул турак жайы баардык шарты бар шаардагы асман тиреген үч кымбат турак жайдын бири болгон. Бул жерден батир алууну каалагандардын баарына каражат жагынан жеткиликтүү болбогондуктан жалан ири бизнес менен алектенгендер жашаган. Бул жердеги эн арзан батирдин баасы 1, 2 милион долларды чапчыган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *