
Аскер кызматкери мамлекеттик чыккынчылык үчүн соттолду
04-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЗапастагы аскер кызматкери мамлекеттик чыккынчылык үчүн 8 жылга соттолду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, С.Ф.К. аттуу аскер кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө (мамлекеттик чыккынчылык) каралган кылмышты жасаган деп айыпталган.
Жогорку соттун өкүмү менен ал аталган берене боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган
Булак: Аргумент кж