Аскар Жумагулов: “Эмомали Рахмонду элибиздин көз жашы урсун!”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Аскар ага, кайсы бир учурда коңшу Тажикстанга барып, анын президенти Эмомали Рахмонго жолукканыңызды учкай айтып бердиңиз эле. Ошол боюнча гезитке кеп салсаңыз, качан болду эле?

— Андай нерселер унутулбайт да. Өзгөчө бүгүнкү күндөрү бүт баары көз алдыма тартылып турат… 1993-жылдын декабрь айы, мен анда өкмөттө иштечүмүн. Ошондо Суусамырдын жер титирөөсүнө байланыштуу мамлекеттик гуманитардык жардамдар комиссиясында иштейт элем. Андагы вице-президент Кузнецов мени чакырып, “Тажикстанда граждандык согуш болуп атат. Бир тууган кыргыздардан боордош тажик элине гуманитардык жүктү алып барып келиңиз” деди. Эртеси кабинетине кирсем, мага бронежилет берип, “муну тажик президенти Эмомалиге бересиз” деди. Ошентип бир килейген самолеттун ичи толтура тамак-аш, азык-түлүк, адамдарга биринчи керектелүүчү дагы башка товарлар менен Душанбеге келип кондук. Жүзү курусун, аскердик аэродром болуп калыптыр. Ар кандай аскердик техникалар, БТР, БМП, танктар, замбиректер, ары-бери чуркап жүргөн аскерлер көзгө урунду. Самолеттун ичине эки подполковник кирип келип, “биз менен жүрүңүз” деди. Алдыда жана артта эки БТРдин коштоосунда Рахмоновдун резиденциясына келдик. Жолду катар көчөлөрдө эл кымгуут. Кадимки согуш абалы, атылган мылтыктын үндөрү жаңырып атты. Үч посттон өткөндөн кийин эки подполковник кабыл алуучу жерде калды, эшик ачылары менен “Ой, Аскар Жумагулович, здравствуй дорогой, как прилетели? У нас ожесточенные бои идет, вы не боитесь?” деп эшиктин оозунан тосуп алды. Мен “ни как нет!” деп аскерлерче жооп бердим. Эки мүнөттөй сүйлөшкөндөн кийин бронежилетти тапшырдым. Буйдалбастан кийип көрүп, күзгүгө каранып, сылаңкороздоно “так менин размерим экен. Силердин президентиңерге чоң рахмат, мени мылтык менен атса ок өтпөсүн деп берип жиберген турбайбы. Эми ылдыйга түшүп тамактанып, кайра келиңиз” деди. Бир саатка жетпеген убакта кайра чакыртты. Барсам “мамлекетибиз бычактын мизинде турат. Кыйынчылыкты баштан кечирип атабыз. Жан көздөн учуп аткан кезде бир туугандык жардамыңарды эч качан унутпайбыз. Биз түбөлүк бир тууган эл экенибизди жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сактап, башыбызга мүшкүл иш түшкөндө бири-бирибизге кол сунуп, колдон келген жардамыбызды аябашыбыз керек. Чоң рахмат!” деп колумду кыса кармап, кубаттап атты.

— Мен билгенден сиз тамашакөй адамсыз, сөз арасында тамашага салып көрдүңүзбү, жаркылдап-жайнап күлөт бекен же кабак-кашы азыркыдай эле бүркөлүп турабы?

— “Оказывается мы оба моряки. Вы служили Тихоокеанского флота и охраняли СССР с востока, я тоже моряк с Балтийского флота, подводник, торпедист и охранял Советский Союз с запада” дегенимде күлүп жиберди. “Мы миллионы лет братья. Потому что Каныкей апа ваше сестра, таяке-жээн!” деп кошумчалаганда дагы күлдү, кабак-кашы мен барганда ачылды. Жолугушуунун соңунда “эми барыңыз, кыргыз элине дагы бир жолу рахмат!” деп мени эки курдай кыса кучактап, эшиктин оозуна чейин узата берди. Баягы эки подполковниктин, эки БТРдин коштоосунда аэропортко келсем, самолеттун ичиндеги жүктөрдү түшүрүп, ичи бош экен. Ошентип кайра Кыргызстанга аман-эсен учуп келип калдым.

— Азыркы кыргыз-тажик абалы сизди кандай ойго жетелеп атат?

— Мен болгону тажик президентине “Эмомали Шарипович, 1993-жылы декабрь айы, боордош, бир тууган элбиз. Силерде жарандык катуу согуш болуп атыптыр. Кыргыз эли кайдыгер болбостон, элиңерге гуманитардык жардам, өзүңүзгө ок өтпөс бронежилет алып келдим. Кабинетиңде сүйлөшкөндө кандай керемет сөздөрдү сүйлөдүңүз эле: “Кыргыз-тажик түбөлүк бир тууганбыз. Бул жакшылыкты биздин эл эч качан унутпайт. Ар дайым бири-бирибизге кыйынчылыкта кол сунуп жашашыбыз керек” деп улам-улам колумду кысып айтпадыңыз беле? Кана ошондогу сөздөр, калпычы турбайсызбы, эки жүздүүлүктүн да чеги болуш керек. Болбосо, тынч жаткан кыргыз элине эки курдай агрессиялык түрдө кол салдыңыз. Канчалаган эр азаматтарыбыз окко учту! Канчалаган ата-эненин ичинен кан өтүп, зар какшап, ушу кезге чейин көз жаштары тыйылбай отурат. Алардын убалы кимге? Албетте сизге!” Ушинтип эле айтам. “Былтыр “кокусунан” дедиңиз эле, а быйылчы?! Бул кылганыңыз адамгерчиликке сыйбайт, жигитчилик да эмес!” деп кайрылат элем.

Ал эми биздин эр жүрөк, духтары бийик, мекен дегенде кан-жанын аябай курман болгон азаматтарыбыздын ата-энелерине, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, сабыр кылгыла! Ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздап, кабыргабыз кайышып турат. Эмомали Рахмонду көзүнөн жаш эмес, кан тамып жаткан ата-энелердин көз жашы урсун!

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg