Аскар Салымбеков, коомдук ишмер: “Жолдошбаев мени жамандап турбаса мээсине күч келип кетет”

Аскар Салымбеков, коомдук ишмер: “Жолдошбаев мени жамандап турбаса мээсине күч келип кетет”

27-үчтүн айы, 2018-ж // //

— Аскар байке, саламатсызбы! Эл көзүнөн оолак кеттиңиз, эмне иштер менен алексиз?
— Саламатчылык! Эмне иш менен алек болоюн, “Аскар Салымбеков” атындагы фонддун иштери менен алекмин. Азыр жаштар менен тыгыз иш алып барып, келечек муун үчүн жакшылып пландардын үстүндө иштеп жатабыз.
— Баягы Камчыбек Жолдошбаев деген неме маек берип дагы Сизге кашыныптыр го…
— Ал мезгил-мезгил менен мени жамандап турбаса мээсине күч келип кетет. Мындан 3 жыл мурун кайсы бир гезитке мени жамандап, анан сотко бергем. Жыйынтыгында соттон утулуп, келип кечирим сурап кетишти эле, эми кайра баштаган турбайбы.
— Бере турган жообуңуз бардыр?
— Эмне деп жооп бермек элем. Атын дагы атагым келбейт ошонун, анын анын айткандарынын баары жалган, ушак. Куранда дагы айтылат эмеспи, “мусулман тууралуу ушак таратуу бир тууганын этин жегенге барабар”, — деп. Анын ушагына маани да берген жокмун. Менин ким экендигимди, анын ким экенин эл жакшы билет. Баарын Кудайга койдум. Башка комментарийим жок!
Аман Иманалиев
Булак: Де — факто